Тимур Мадяров Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.
Тимур Мадьяров 2022-жылдын апрель айынан бери мамлекет башчысынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалап келген. Буга чейин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) ыкчам бөлүмүн жетектеп, мамлекет башчынын аппаратында Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти болгон. 2025-жылдын 12-мартынан баштап Каракол шаарынын мэри болуп иштеген.