Кыргызстанда жумушсуздук төмөндөдү

13:34, 26 июня 2025, Бишкек - 24.kg

2024-жылы Кыргызстанда жумуш менен камсыз болгондордун саны өсүп, жумушсуздуктун деңгээли төмөндөгөн. Муну Улуттук статистикалык комитет жүргүзгөн үй чарбаларынын бюджетин жана жумушчу күчүн комплекстүү тандалма изилдөөнүн жыйынтыгы далилдеп турат.

Маалыматка ылайык, 15 жаштан жогорку курактагы жумушчу күчү 2,9 миллион адамды түздү. Алардын 2,8 миллиону жумуш менен камсыз болсо, 104 миңден ашууну жумушсуздар.

Белгиленгендей, 2023-жылга салыштырмалуу жумуш менен камсыз болгондордун саны 4 пайызга өссө, жумушсуздардын саны тескерисинче 7 пайызга азайган. Иш менен камсыз болгондордун арасында эркектер басымдуулук кылат — 1,7 миллион, аялдар — 1,1 миллион.

2024-жылы жумуштуулук деңгээли 57 пайызды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,8 пайыздык пунктка жогору. Мында эркектер арасында иш менен камсыз болуу 72 пайызды, аялдар арасында 43 пайызды түзөт.

Жылдын аягында жумушсуздуктун деңгээли 3,7 пайызга төмөндөдү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,4 пайыздык пунктка аз.

OSZAR »