Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 26-27-июнда Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун чакыруусу боюнча Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына жана IV Евразиялык экономикалык форумуна катышуу үчүн Минск шаарына иш сапары менен барат.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
«Жыйынга Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын жана Бирликке байкоочу-мамлекеттердин башчылары, ошондой эле чакырылган ардактуу коноктордун катышуусу пландалууда.
Жогорку кеңештин күн тартибинде 14 маселенин каралышы мерчемделүүдө», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.