23:21
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Эдил Байсалов Украина элчиси менен жолугушууда БУУнун Уставын колдогонун айтты

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Байсалов Украинанын элчиси менен жолугушууда БУУнун Уставын колдой турганын ырастады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-украин кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча пикир алышты.

Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын жана эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерине берилгендигин белгилеп, эки өлкөнүн гуманитардык, маданий жана билим берүү тармагындагы байланыштарын чыңдалышына ишенээрин билдирди.

Элчи Валерий Жовтенко кыргыз тарапка конструктивдүү диалог жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
OSZAR »