21:15
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Улуттук госпиталга жаңы тез жардам унаасы тапшырылды

Улуттук госпиталга «Шаншуй Silk Road KG» ЖЧКсы тарабынан заманбап тез жардам унаасы белекке берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетовдун айтымында, бул өлкөдөгү эң ири медициналык мекемелердин биринин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салым болуп саналат.

Берилген унаа оорукананын тез жооп кайтаруу жана бейтаптардын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жакшыртат.

«Шаншуй Silk Road KG» ЖЧКсы 2022-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишиминин негизинде түзүлгөн. Анын ишмердүүлүгү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына инновациялык медициналык чечимдерди киргизүүгө жана Кыргызстандын калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Атап айтканда, компания ар кандай органдардын жана дене системаларынын патологияларын өз убагында аныктоого жардам берген акыркы муундагы компьютердик томографтарды активдүү киргизүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
OSZAR »