«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов «Кумтөр» кениндеги калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорун ишке ашырууга старт берди.
Компаниядан билдиришкендей, бул долбоор «Кумтөр Голд Компанинин» өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн жогорулатуу үчүн маанилүү болуп саналат.
Кубат Абдраимов Кумтөр кен жайындагы калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоору — бул өлкөбүздө алгачкы ирет ишке ашырылып жаткан өтө татаал жана технологиялыкжактан оор процесс экенин белгиледи.
«Долбоорду иштеп чыгууда бул тармактагы дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу керек. Калдыктардыкайра иштетүү комплексинин курулушу бул долбоордун эң маанилүү компоненти болмокчу. Муну ишке ашырууда өтө кылдат мамиле кылууну, коопсуздукту жанааймактагы экологиялык тең салмактуулукту так сактоо зарыл», — деди
Буга чейин Кубат Абдраимов Кумтөр кенинде долбоорлордун ишке ашырылышы жана өндүрүш процесстери менен таанышуу максатында текшерүү жүргүзгөнү маалымдалган.