Кыргызстандын жаштар курамасы Борбордук Азия футбол ассоциациясынын чемпионатынын финалында Иран курамасы менен беттешти. Турнир Гиссар шаарында (Тажикстан) өттү. Бул тууралуу CAFA социалдык тармактарда билдирди.
Беттеш 2:0 эсебинде ирандыктардын пайдасына аяктады.
Белгилей кетсек, Кыргызстан курамасы «А» тайпасында Ооганстандын командасын утуп (3:0) жана Тажикстан менен тең ойноп (1:1) 1-орунду ээлеген.
Иран В тайпасында Түркмөнстанды (1:0) утуп, Өзбекстан менен тең чыгуу менен (0:0) мыкты болду.