Кыргызстандын мектептеринде 152,2 миңге жакын бала катталган. Бул маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.
Анын ичинде 2,1 миң бенефициарлар. 137 миңден ашык орун бош бойдон калууда.
Бишкек шаарында 12,9 миң бала 1-класска, 15,1 миң бала экинчи класска кабыл алынды. Борбор калаада 5,5 миңдей орун бош калууда.
Белгилей кетсек, иш жүзүндө жашаган жери боюнча (каттоо дарегине карабастан) электрондук каттоо 2-июнда башталып, 15-августка чейин уланат.
12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу биринчи жана экинчи класстарда каттоо бир убакта жүргүзүлөт. 2018-жылы төрөлгөн балдар система тарабынан автоматтык түрдө экинчи класска, 2019-жылы төрөлгөндөр биринчи класска коюлат.
2019-жылы төрөлгөн балдар Наристе мектебине 480 сааттык даярдоо программасын бүтүргөн болсо, алар да 2-класска бара алышат. Ал үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдары balalyk.edu.gov.kg электрондук базасына маалыматтарды киргизиши керек.