Баткен шаарындагы «Агроснабтехсервис» мүлк комплекси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Баткен шаарында жайгашкан 2,26 га аянттагы жер тилкеси менен Баткен «Агроснабтехсервисинин» мүлктүк комплексин жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысы аныкталды.
УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктура объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо боюнча иштерди улантууда.