УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды.
Аталган социалдык объектини менчиктештирүү иштери 1995-жылы КР президентинин «Социалдык инфраструктуралык объектилерин андан ары пайдалануу шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгынын жана өкмөттүн ошол эле жылдагы «Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктура объекттерин пайдалануу программасын бекитүү жөнүндө» токтомунун ченемдерин бузуу менен ишке ашырылган. Ага ылайык мектепке чейинки балдар мекемелеринин массалык жабылышын жана сатылышын болтурбоо максатында, социалдык инфраструктуранын объекттери уставдык фонддогу мамлекеттик үлүшүнө карабастан мамлекеттик жана менчиктештирилген ишканалар жана мекемелер тарабынан ажыратылууга тийиш эмес болгон.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2025-жылдын 9-июнунда аталган социалдык объектинин ээси Ж.С. өзүнүн бул мүлккө ээлик кылуудагы мыйзамсыздыктарды түшүнүп, өз ыктыяры менен жогоруда аталган социалдык объектини мамлекеттин балансына кайтарып берди.
Учурда иштебей турган имаратты балдарды мектепке чейинки билим берүү программасы менен камсыздоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен аны функционалдык максатына ылайык иштетүү маселеси каралууда.