2026-жылы өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун 3-турундагы Кыргызстан менен БАЭ курама командаларынын футболдук беттешинде коомдук тартипти 3000дей милиция кызматкерлери камсыздайт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз Республикасы менен БАЭ командалары беттешет.
Борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы жарандарды коомдук тартипти бузбоого, милиция кызматкерлеринин талаптарын урматтоого жана эл көп топтолбоосу жана коопсуздукту текшерүү учурунда кечигип калбоо үчүн беттешке алдын ала келүүгө чакырат.