Эр-Риядда (Сауд Аравиясы) Кыргызстан менен Түндүк Кореянын 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо раундунун 9-тур беттеши аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.
Командалар 2:2 эсебинде тең чыгышты.
Голду 57-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов киргизди. Экинчи гол 95-мүнөттө Сон-Хе Кимдин автоголунун натыйжасында кореялыктардын дарбазасына аяктады.
Эске салсак, Кыргызстан менен Түндүк Кореянын 15-октябрда Бишкекте өткөн биринчи беттеши 1:0 эсебинде биздин команданын пайдасына аяктаган.
Сегиз турдан кийин Кыргыз курама командасы алты упай менен А тайпасынын турнирдик жадыбалында бешинчи орунга чыкты.
Белгилей кетсек, 10-июнда биздин команда Бишкекте БАЭ курамасы менен Бишкекте беттешет.