Быйыл Кыргызстанда мектептерди канча окуучу аяктап жатат?

13:55, 23 мая 2025, Бишкек - 24.kg

Быйыл Кыргызстандагы мектептерди 80 миң 540 окуучу аяктап жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жылы 11-классты жалпы 80 миң 540 окуучу бүтүрүүдө. Анын ичинен 2 миң 489 окуучунун «кызыл аттестат» алуусу күтүлүп жатат.

Ал эми 9-классты 134 миң 681 окуучу аяктап жатат, анын ичинен 5 миң 756 окуучу артыкчылык күбөлүгүнө талапкер болууда.

Аймактарда мектептерди канча бүтүрүүчү аяктап жатат?

Бишкек шаары:

9-класс: 24 585 (кызыл күбөлүк алгандар — 839)

11-класс: 14 116 (кызыл күбөлүк алгандар — 586)

Ош шаары:

9-класс: 8 647 (кызыл күбөлүк алгандар — 310)

11-класс: 3 489 (кызыл күбөлүк алгандар — 183)

Талас облусу:

9-класс: 5 506 (кызыл күбөлүк алгандар — 161)

11-класс: 3 279 (кызыл күбөлүк алгандар — 68)

Жалал-Абад облусу:

9-класс: 24 725 (кызыл күбөлүк алгандар — 1 662)

11-класс: 12 548 (кызыл күбөлүк алгандар — 387)

Нарын облусу:

9-класс: 5 696 (кызыл күбөлүк алгандар — 368)

11-класс: 4 128 (кызыл күбөлүк алгандар — 236)

Ош облусу:

9-класс: 26 707 (кызыл күбөлүк алгандар — 1 097)

11-класс: 18 247 (кызыл күбөлүк алгандар — 416)

Баткен облусу:

9-класс: 10 726 (кызыл күбөлүк алгандар — 429)

11-класс: 6 440 (кызыл күбөлүк алгандар — 239)

Ысык-Көл облусу:

9-класс: 9 696 (кызыл күбөлүк алгандар — 356)

11-класс: 6 493 (кызыл күбөлүк алгандар — 184)

Чүй облусу:

9-класс: 18 393 (кызыл күбөлүк алгандар — 534)

11-класс: 11 800 (кызыл күбөлүк алгандар — 190)

OSZAR »